5-март: туман түшүп, жамгыр жаайт
5-мартта түнкүсүн айрым аймактарда жамгыр жаашы мүмкүн, тоолорго жана тоо этектерине кар түшөт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Чүй, Талас, Баткен, Жалал-Абад, Ош облустарында туман түшүшү ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз +9...+14; Талас жергесинде түнкүсүн 0...-5, күндүз +8...+13;Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -1...+4, күндүз +11...+16; Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4...-1, күндүз +3...+8; Нарын облусунда түнкүсүн -4..-9, күндүз +2...+7; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -19...-24, күндүз 0...-5;
Бишкек шаарында түнкүсүн туман каптап, жаан жаашы мүмкүн. Эртең менен да туман түшөт. Күндүз жаан жаабайт. Түнкүсүн 0…-2, күндүз +12…+14° болот.
Ссылка: https://barometr.kg/content12150
Добавить комментарий ×