Кыргызстандык мигрант тез жардам унаасына кол салды

2 март 2018 16:23 700 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 1-мартта Россиянын Абакан шаарында белгисиз адам тез жардам унаасын талкалаганы тууралуу маалымат укук коргоо органдарына келип түшкөн. Бул тууралуу россиялык ЖМКлар кабарлашууда.

Окуя болгон жерге барган жол кыймылын уюштуруу кызматкерлери жана полициялар бейбашты кармады. Кыргызстандык мас болуп алып жолдо тез жардам унаасына тоскоолдук жараткан.

 Унаа токтогон кезде эркек киши анын капотун ургулап, маңдайкы айнегин талкалаган.

Кармалган жаран 1977-жылы туулган, Россияда мыйзамдуу иштеп жаткан Кыргызстандын жараны экени аныкталды.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12120



Добавить комментарий