Аскар Салымбековго Бразилиянын ордени берилди

2 март 2018 15:26 950 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков Бразилиянын мамлекеттик сыйлыгынын кавалери болуп, Рио Бранко орденин алды.   

Салымбековду сыйлоо боюнча чечим Бразилияда жыл сайын өтүүчү Рио Бранко орденинин кеңешинин жыйынында кабыл алынган, жыйын өлкө президентинин төрагалыгы алдында өтөт. 

Орден Аскар Салымбековго Кыргызстан менен Бразилиянын ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттагы кошкон салымы үчүн ыйгарылган.

Рио Бранко ордени буга чейин Чехиянын мурдагы президенти Вацлав Гавел, БУУнун мурдагы баш катчысы Пан Ги Мун, легендарлуу футболчу Пеле жана башкаларга берилген.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12116



Добавить комментарий