5 жаштагы кыз куурчактын башын жутуп алды

2 март 2018 14:09 1435 Barometr
Бөлүшүү:
ok

5 жаштагы кыз диаметри 5 сантиметр болгон куурчактын башын жутуп алган. Россиянын Тюмень шаарынын дарыгерлери аны алчып чыгабыз деп түрдүү амалдарды колдонушту. Бул тууралуу Тюмень областык өкмөттүн сайты маалымдады.     

Дарыгерлер куурчактын башы баланын ашказанына барчу кызыл өңгөчтү толук бүтөп калагын айтышты.Кызга наркоз берген  дарыгерлер оюнчуктун башын атайын кыпчыгычтар менен алып чыкканга аракет кылышты. Бирок ал томолок жана жылмакай болгондуктан алуу кыйынга турду.  

Эндоскопиялык бөлүмдүн дарыгери Вугар Амирасланлы чаң соргучтун принциби менен иштей турган ваакумдук аспираторду колдонуп куурчактын башын алып чыкты.

Учурда кыздын абалы жакшы.

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12110



Добавить комментарий