Балага сүйүнчүгө кошумча акча берилеби?
Бөлүшүү:
Жаңы төрөлгөн балага берилчү сүйүнчү пулга бийик тоолуу аймактар боюнча төлөнчү коэффициенттер кошулбайт. Бул тууралуу бүгүн, «Республика – Ата-Журт» фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова билдирди.
“Эгерде бийик тоолуу райондор үчүн коэффициентти эске алганда мисалы Нарында сүйүнчү 6 миң сомго чейин жетип калышы мүмкүн. Биз жаңы төрөлгөн балдар үчүн төлөмдөр аймактарга карабай бирдей 4 миң сомдон болсун деп жатабыз”,-деп айтты Султанбекова.
Ссылка: https://barometr.kg/content12109
Добавить комментарий ×