Учактын авариялык түрдө конуусун иликтеген комиссия түзүлдү

2 март 2018 10:56 750 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте Баткенге учуп авариялык түрдө конгон учак боюнча комиссия түзүлдү. Бул тууралуу “Манас” аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган комиссиянын курамына Жарандык авиация агенттигинин кызматкерлери дагы кирди.

Учак кечээ, 1-мартта Баткенге Бишкектен саат 14.22де учкан. Бирок сол жак кыймылдаткычы иштебей калып кайра кайтып келген.

Учакта 95 жүргүнчү болгон, эч ким жабыркаган жок.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12097



Добавить комментарий