Эки аял сууга чөгүп каза тапты

1 март 2018 16:53 1122 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 Чүй облусунун Сокулук районунун Военно-Антоновка айылындагы көлмөгө эки аял чөгүп каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 1-мартта болжол менен саат 10:45 чамасында 45 жаштагы эки аял сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Саат 11:00дө кырсык болгон жерге издөө иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 Аскерлертирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5 куткаруучу, саат 12:15те КР ӨКМнин Суучулдарды даярдоо борборунан 5 суучул тартылган.

“Саат 13:23тө куткаруучулар жана суучулдар тарабынан сууга чөккөн эки аялдын жансыз денелери суудан чыгарылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүлүп берилген”,-деп айтылат маалымат.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12075



Добавить комментарий