Чүй областында 30га жакын үйдү суу каптап кетти
Бөлүшүү:
Чүй областында агын суунун жээкке чыгып кеткенине байланыштуу отузга жакын үйдү суу каптап кетти. Бул тууралуу ӨКМдан кабарлашты.
Дайрадан аккан суу Бер-Булак, Горная Маевка, Прохладное, Беш-Күңгөй, Кызыл-Бирлик, Кегети жана Степное айылдарындагы турак-жайларды каптаган.
Учурда бул аймактарда ӨКМнын куткаруучулары жана жергиликтүү тургундар иш алып барып, сууларды сордуруп чыгарышууда.
Ссылка: https://barometr.kg/content12053
Добавить комментарий ×