Ушул жазда асмандан темир жаашы мүмкүн

28 февраль 2018 11:29 2420 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Окумуштуулар Жерге апрель айында Кытайдын «Тяньгун-1» космосттук станциясынын сыныктары жаашы мүмкүн экенин айтышууда. Эксперттердин берген баасына караганда мындай окуянын болуу мүмкүндүгү 60 пайыз. Бул тууралуу РИА Новости булагы кабарлады.

Алар аталган лабораториянын сыныктарынын бир бөлүгү атмосферада күйүп кетсе көп бөлүгү Жерге түшөрүн белгилешти.

«Тяньгун-1»  станциясы 2016-жылы өз ишин токтоткон. Ал 2017-жылдын соңунда биздин планетанын атмосферасында толук бойдон күйүп кетет деп күтүлгөн, бирок кийинчерээк анын кыйроосу 2018-жылдын жаз айларына туура келери аныкталды.

Эскерте кетсек, 2011-жылы Кытай  «Тяньгун-1» станциясын космоско учуруп, Россия менен Америкадан кийин жеке өзүнүн космосттук станциясын курган өлкө болуп калган эле.

2016-жылы анын ордуна «Тяньгун-2» учуп барган. Бул станция пилоттук жана жүк ташыган космостук кораблдерди кабыл алууга жана ар кандай илимий тажырыйбаларга колдонулчу.

Ссылка: https://barometr.kg/content12023



Добавить комментарий