Бишкекте жылуулукту 15-марттан кийин өчүрүшү ыктымал

27 февраль 2018 15:40 836 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте жылуулукту болжол менен март айынын жарымынан кийин өчүрүшөт. Бул тууралуу “Бишкек жылуулук түйүндөрүнөн” кабарлашты.

Шаар тургундарына жылуулук берүү беш сутка катары менен көчөдөгү абанын температурасы 8 градустан жогору болгон учурда токтотулат.

Компания бул боюнча мэриянын токтомун күтөт.

Синоптиктердин божомолуна таянсак, аба Бишкекте 8-марттан тартып жогорулайт. Күндүз 18 градуска жылуу болсо, түнкүсүн +5 градус жылыйт.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content12009



Добавить комментарий