Ак-Түздөгү радиациялык деңгээл калыбында турат
Бөлүшүү:
Химиялык калдыктары бар түтүк жарылгандан кийин Ак-Түздөгү радиациялык деңгээл калыбында турат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен иштетүү мамлекеттик комитети маалымдады.
Жарылган трубаны сынгандан кийин 20 мүнөттөн соң оңдошкон, жолду грейдердин жардамы менен түздөшкөн. Адистер суунун жана топурактын үлгүсүн алып анализ үчүн лабораторияга жөнөтүштү. Авариянын так себептери аныктала элек.
Эскерте кетсек, кечээ Кемин районундагы Ак-Түз химиялык заводунда түтүк жарылып кеткен жана Кичи-Кемин суусуна ууланган заттар төгүлгөн.
Ссылка: https://barometr.kg/content12001
Добавить комментарий ×