ТЭЦти жаңылоого Кытай гана насыя берүүгө макул болгон

26 февраль 2018 17:31 532 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн 26-февралда Бишкек ТЭЦи боюнча түзүлгөн убактылуу депутаттык комиссиянын жыйынына экс-Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы Экономика министри Акылбек Жапаров, Аскарбек Шадиев, Аалы Карашевдер чакырылды. Алар өз кезегинде бул маселеге байланышкан өкмөттүк структураларда иштешкен.    

Ал учурду эскерген Артыкбаев ошол маалда эң башкы маселе энергетикалык коопсуздук болгонун, анткени 90 пайыз ГЭСтер өлкөнүн түштүгүндө жайгашып, 60 пайыз керектөө түндүккө туура келгенин айтып өттү.  

“Айрыкча кыш мезгилинде кыйын болчу. Электр менеен камсыздоону турукташтыруу зарыл эле. Бул маселени коңшулардын жардамы менен чечүүгө аракет кылдык бирок алар арткан энергияны гана бере алышчу”,-деп айтты ал.   

Эл өкүлү ошондой эле өкмөттүн тапшырмасы болгонун жана коңшу мамлекеттерге көз каранды болбоо жолдору ойлонулганын кошумчалады. “ЛЭП Датка – Кеминдин курулушу менен энергетикалык коопсуздукка жетиштик”,-деп айтты депутат. 

“Электр станциялары” ААКы ар түрдүү компаниялар, анын ичинде россиялык компаниялар менен да сүйлөшүү жүргүзгөн.

“Электр станциялары” мамлекеттик компания болгондуктан жана электр энергиясын өндүрүлгөн баадан төмөн саткандыктан инвестор тартып келүүгө мүмкүн эмес болгон.

Артыкбаевдин айтымында, “Электр станцияларына” жана ТЭЦти жаңылоого Кытайдын "Эксимбанкы" гана насыя берүүгө макул болгон.

Депутат бул чечим туура болгонун, ТЭЦ учурда 300 МВт энергия иштетип чыгып жатканын белгилеп өттү.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11981



Добавить комментарий