Бир тонна беш бармак жасоо планы өзгөрдү

26 февраль 2018 16:58 2137 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Рекорд китебине кире турган бешбармакты жасоо планына өзгөртүү киргизишти. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.

Беш бармак мурда белгиленгендей 5-март-Ак калпак күнүндө эмес, 11-мартта жасалат. Иш-чара Ала-Тоо аянтында эмес "АюGrand Comfort" соода борборунун аймагында болот.   

Уюштуруучулар беш бармакты 5-мартта Ала-Тоо аянтында жасамак болушкан, бирок мэрия буга уруксат берген эмес.

Ал эми калган пландар мурдагыдай эле калат. Бир тонна беш бармак жана 100 метр чучук жасалат.

Ссылка: https://barometr.kg/content11978



Добавить комментарий