Электр, суу, жылуулук менен өзүн толук камсыздаган үй (фото)
Бул үй толук бойдон өзүн камсыз кылат жана ага коммуналдык тейлөөнүн кереги жок.
Мындай үй Испаниянын Мадрид шаарында курулган. Үйдүн чатыры заманбап ийилчээк фотогальваникалык панелдер менен жабдылган. Алар күндүн энергиясын пайдаланып, үй өзүнө керек болгондон үч эсе көп электр энергиясын иштетип чыгат.
Имарат жыгачтан, фанерден жана башка экологиялык материалдардан курулган. Терезелери көп болуп жарык да көп түшүп, абанын алмашуусу дагы жакшы жүрүп турат.
Ошондой эле чатырында жамгыр сууларын тосуп ала турган идиштер бар, бул үй-бүлө мүчөлөрүн суу менен камсыздоого кенен жетет.
Долбоор Fab Lab House деп аталат жана чакан шаарларга ылайыкталган. Мындай үйдү куруш үчүн 15 күндөй убакыт талап кылынат. Кымбат баалуу материалдардан курулбаган үчүн анын баасы анча жогору эмес.
Аянты 75 чарчы метр жана 4 адам кенен жашай алат. Аталган үй экологиялык үйлөрдүн арасында өткөн Solar Europe People’s Choice Award конкурсунда биринчи орунду ээледи.
Ссылка: https://barometr.kg/content11974
Добавить комментарий ×