Өкмөт башчынын фондунан буту ампутацияланган кызга 100 миң сом бөлүндү
Бөлүшүү:
Премьер-министр Сапар Исаков өкмөт башчынын резервдик фондунан жол кырсыгынан улам аялынан ажырап, 2 жаштагы кызынын бутун ампутациялашкан Жыргалбек Чотоновго 100 миң сом бөлүү тууралуу жарлык чыгарды.
Өкмөттүн маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн кабарлашкандай, кыз 9-февралда Витебская жана Элебесов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон унаа кырсыгынан жабыркаган.
Дарыгерлердин айтымында, учурда Жумайымдын абалы жакшы жана аны палатага которушту.
Ссылка: https://barometr.kg/content11973
Добавить комментарий ×