Жол эрежесин үч ирет бузгандар кайра унаа мектебинен окуйт
Бөлүшүү:
Кыргызстанда үч ирет жол эрежесин бузган айдоочулар кайрадан унаа мектебинен окушат. Административдик жоопкерчилик тууралуу кодекске ушундай оңдоо киргизүүнү КРнын Ички иштер министрлиги сунуштап жатат. Бул өзгөртүү учурда коомдук талкууга коюлду.
Мыйзам долбооруна ылайык бир жыл аралыганда үч ирет же андан көп жол кыймылынын эрежесин бузган айдоочу кошумча окуп, кайрадан сынак тапшырууга тийиш.
Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда унааны колдонуу жана аны оңдоо эрежелерин бузгандарга дагы айып пул өлчөмүн көбөйтүү каралган.
Ссылка: https://barometr.kg/content11968
Добавить комментарий ×