35 жылдан кийин өлгөн баласы тирилип апасына келди

26 февраль 2018 14:14 1251 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жалгыз бой келин 20 жашында көз жарган. Дарыгерлер ага баласынын өлүү төрөлгөнүн айтышкан.

“Канар аралдарынынТенериф шаарынын тургуну Эсперанса Регаладо жеке менчик ооруканага  кайрылган кезде ага кесарево төрөтү керек экенин айтышкан. Аялга толук анестезия жасашкан жана ал эсине келген кезде уул төрөгөнүн бирок ал дароо эле чарчап калганын угузушкан”,-деп жазат  La Provincia газетасы. 

Эсперанса “баламды көмүшүм керек” дегенде дарыгерлер ага “баарын жасап койдук” деп жооп узатышкан. Бул күмөн жаратса да жыйырма жаштагы жалгыз бой аял эч нерсе кыла албай кете берген.  

2014-жылы 4-июлда, арадан 35 жыл өткөндөн кийин “Фейсбукка” ага Карлос Сантана деген жигит достук жөнөткөн жана телефон чалган. Ал биринчи эле сүйлөгөндө эле “Сиздин өлүү төрөлгөн балаңыз бар беле? Ошол менмин”,-деп айткан.

Таң калган аял уулу аман-эсен экенин билген. Көрсө уулу Карлос Лас-Пальмас-де-Гран-Канариядагы өзүнүн эски үй-бүлөлүк  кагаздарын карап жатып бир аялдын күбөлүгүнүн көчүрмөсүн таап алган экен.

 Ал аталган кагаздын артынан түшүп аялдын ким экенин аныктагысы келген, бул аял анын биологиялык апасы болуп чыкты. Дарыгер баланы уурап сатып жиберүү үчүн анын апасына кесарева төрөтү керектигин айткан экен.

Баласы апасын үйүнө чакырып аны неберелери менен тааныштырды жана алар бактылуу өмүр кечиришүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/content11967



Добавить комментарий