Денесинен 16 ийне табылган бала айыкты, дагы үч ийнени алыша элек (видео)

26 февраль 2018 13:31 1296 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өзбекстандын дарыгерлери денесинен 16 ийне табылган баланын сүрөтүн көрсөтүштү. Анын абалы жакшырып бара жатат жана учурда өзү дем алууда. Бул тууралуу «Новости Узбекистана» булагы кабарлады.   

Медицина илимдеринин доктору Хабибулло Акилов бала ооруканага абдан оор абалда түшкөнүн эскерди.

 “Ал эки тараптуу пневмония, мойнунда абсцесс, денесинде ийне бар болуп жаткырылган. Ийнени алыш үчүн 9 саат операция жасалды”,-дейт Акилов.

Анын денесинен 16 ийне табылган жана 13үн операция менен алып чыгышкан, эми 3 ийне калды. Дарыгерлердин айтымында алар балага зыян кылбайт жана кийинчерээк алышат.

Азизбек Абдумаджидовдун жагдайы учурда жакшы,анализдери жана дена табы калыбында.

 6-февралда анын бир жашка чыккан туулган күнүн ооруканадан белгилешти.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11964



Добавить комментарий