Президент Жээнбеков Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады

26 февраль 2018 12:22 662 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Президент Сооронбай Жээнбеков Түркия Республикасынын президенти Режеп Тайип Эрдоганды туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

«Кыргыз Республикасы достук салттарына, маданий жана руханий жалпылыкка негизденген кыргыз-түрк мамилелерин мындан ары өнүктүрүүгө жана кеңейтүүгө зор маани берет.                                                                                                   Учурдан пайдаланып, Сизге бекем ден-соолук жана мамлекеттик ишмердигиңизде ийгиликтерди, ал эми бир тууган түрк элине – тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалайм», - деп белгилейт Кыргызстан Президенти  өзүнүн куттуктоо телеграммасында.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11960



Добавить комментарий