Кыргызстан коррупциянын деңгээли боюнча 135-орунду ээледи

22 февраль 2018 13:07 779 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандагы коррупциянын деңгээли 135-орунда экени аныкталды. 22-февралда эл аралык Transparency International уюму 2017-жыл үчүн Коррупциянын кабыл алуу индексин жарыялады.

Быйыл дүйнөнүн 180 өлкөнү изилдөөгө кошулган. Коррупциянын кабыл алуу индекси дүйнөдө коррупциянын көрсөткүчү боюнча кадырлуу рейтингдердин катарына кирет.   

Жаңыртылган маалымат боюнча Борбор Азияда Казакстан менен Кыргызстанда коррупциянын деңгээли азыраак болуп эсептелди.

Борбор Азия аймагында эң коррупциялашкан өлкө Түркмөнстан болуп эсептелди.

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11929



Добавить комментарий