Бишкекте бычак менен коркутуп дүкөнчүнү тоноп кеткен кыздар кармалды

22 февраль 2018 12:37 744 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте соода дүкөнүн тоноп кетүүгө шектелген үч кыз кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Каракчылар дүкөнчүгө 10-февралда кол салышкан.

Үч кыз сатып алуучу катары дүкөнгө киришип, сатуучуну бычак менен коркутуп анын беш миң сомун жана Samsung S4 телефонун тартып алышкан.

Бул ишке шектүү 1997-жылы туулган Т. кызы С., 1999-жылы Ы. Ж., 2000-жылы Т. кызы Г. кармалды. Кыздар камакка алынды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11926



Добавить комментарий