Бардык окуучуларга эле беш күндүк сабак киргизилбейт
Бөлүшүү:
Беш күндүк окуу бардык окуучуларга тиешелүү эмес. Билим берүү министрлиги маалымдагандай жумасына алты күн окуй турган категориядагы окуучулар дагы бар.
Алар: 9-класстын окуучулары жана лицей менен гимназиялардын окуучулары. Алар үчүн окуу планы аптасына 32 саат менен түзүлгөн.
Беш күндүк окуу апталык программа 30 сааттан ашпаган окуучуларга гана каралган.
Министрлик ошондой эле бул өзгөртүү мугалимдердин айлык акысына эч кандай таасир бербей турганын кошумчалады.
Ссылка: https://barometr.kg/content11914
Добавить комментарий ×