Ушундай жөнөкөй жигитке аялзатынын баары ашык болуп жатат. Сырын сөзсүз билиңиз!

21 февраль 2018 11:15 1219 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Эгерде жашооңузду өзгөрткүңүз келсе ал сиздин колуңуздан келе турганын бул жигиттин башынан өткөргөн окуя тастыктап турат”,-деп жазат Bored Panda.

Гвилим Пью өзүнүн уктоочу бөлмөсүнө жатып алып ийгиликтүү камсыздоо компаниясын негиздеген кезде 21 жашта болчу. Ошол эле маалда үйдөн чыкпай иш кылуу жана мурда алган жаракатынан улам спорт менен машыга албагандыгы ага салмак кошуп, 105 килограммга чейин толгон.  

 “Мен ал кезде аябай эле толук жигит болчумун жана 12 саат иштечүмүн. Менин бизнесим гүлдөп өнүгө баштады жана өзүмдүн формама келейин деп чечтим”,-дейт ал.

Ошондон кийин ал достору менен музыкалык топ түзгөн жана чач тарач ага сакал өстүрүүнү сунуштаган. Психолог менен иштеп өзүнүн тартынчаактыгы жана бала кезинен калган травмаларын жоюп, ийгиликтүү болууга шыктаганган. Жаңы көз карашка ээ болгон жигит өзүнүн тамактануу рационун дагы өзгөрткөн.

 

“Мен күнү бою 9-10 саат компьютерди тиктеп отурганды токтоттум жана эки үч жылда спорт менен машыгып, туура тамактанып 40 килограммдай салмак таштадым”,-дейт Гвилим. Ал Instagramга катталган. Дал ушул жерден ага Лондодо королевага кийим тиккен атактуу тикмечи Натан Палмердин көзүнө түшкөн.

Азыр Гвалим  Лондондогу белгилүү AMCK Models агенттигинин жылдызы. Ал Vans, Bud Light, Diesel өңдүу компаниялар менен иштешти.

Ал тургай даңазалуу Дэвид Бекхэмдин House 99 деп аталган мырзалардын брединин жүзү болууга дагы чакырышты.

 

Ушунча ийгиликтерине карабай Гвалим жөнөкөй жигит бойдон калганын айтты. “Эгерде бир кезде чач тарачым мага сакал коюну айтпаса мен мынча ийгиликке жетишпейт элем. Баары сакалдан башталды”,-деп эскерет ал.

Учурда ал дүйнө кыдырып саякат жасайт, акчасы мол, ашык болгон кыздар андан көп.

Сиз да аракет кылыңыз, бир нече жылдан соң дал ушундай келбеттүү, ийгиликтүү, бай жигит болуп чыга келесиз. Жок бул жигит жөн гана жолдуу болуптур дегени турасызбы. Токтоңуз! Жолуңузду өзүңүз гана талбаган аракет, эмгек менен ача аласыз!

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11888



Добавить комментарий