Ошто коомдук транспортко жол кирени кымбаттатуу күтүлүүдө

21 февраль 2018 08:24 594 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Ош шаарында муниципалдык транспортко жол кирени кымбаттатуу күтүлүп жатат. Ош шаардык кеңештин депутаттарынын кароосуна бааны 2 сомго жогорулатуу боюнча сунуш түштү.

Учурда Ош шаарында автобустун баасы 8 сом, троллейбустун баасы 6 сомдон.

Мектеп окуучулары, пенсионерлер, 1-топтун майыптары, социалдык кызматкерлер 1 сомго жүрө алышат.

Эгер баалар кымбаттай турган болсо мектеп окуучулары  1 сомдун ордуна 5 сом төлөп калуулары ыктымал.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11882



Добавить комментарий