21-февраль: Бишкекте кар жаайт
Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
21-февралда күндүз кар көпчүлүк аймактарда жаашы күтүлөт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Ысык-Көлдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 2...7;Нарында түнкүсүн -13...-18, күндүз -1...-6; Чүйдө түнкүсүн -2...-7, күндүз 1...6; Таласта түнкүсүн -3...-8, күндүз 1...6; Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -23...-28, күндүз -7...-12;
Бишкекте маал-маалы менен кар жаайт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -3…-5, күндүзгү жогорку температурасы 2…4.
Ссылка: https://barometr.kg/content11880
Добавить комментарий ×