Кыргыздар Түркиянын сериалын таанымал кылып жатат (видео)
Түркиянын “Өлүмдөн кайткан Эртугрул" сериалы учурда абдан таанымал болууда жана аны ушунча таанымал кылган Ван провинциясындагы кыргыздар жашаган Улу Памир айылынын каада-салты, маданияты болууда.
Сериалда кыргыздардын улуттук атрибуттары, кийимдери, каада-салты чагылдырылып, аталган сериал чыккандан кийин вандык кыргыздарга карата Түркияда чоң кызыгуу пайда болгон.
“Ван провинциясындагы Эрциш районунун Улу Памир кыштагында жашаган кыргыздардын колдонгон салттуу буюм-тайымдарына, тагынган шөкөттөрүнө, кийимдерине окшоштуруп тапшырык берүүчүлөрдүн саны көбөйдү. Буга сериал жаңы дем берди”,-деп атылат бул тууралуу тартылган видеодо.
“Өлүмдөн кайткан Эртугрул" сериалында 1198-1281-жылдарда Осмон династиясын түптөгөн түрк башчыларынын бири тууралуу баяндалат.
Ссылка: https://barometr.kg/content11873
Добавить комментарий ×