Кравцов: Кыргызстандын энергетика тармагында авария күтүлөт

19 февраль 2018 15:24 724 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандын энергетикалык тармагында дагы авариялар болушу ыктымал. Бул тууралуу Бишкек ТЭЦиндеги авариялардын себептерин иликтөө боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынында  эксперт Николай Кравцов билдирди.

 “2012-жылы Курпсай ГЭСинде авария болгон, себеби алигиче тактала элек. 2014-жылы Токтогул ГЭСиндеги трансформатор жарактан чыкты, анан калса ремонттон өткөндөн кийин жарабай калды. 2015-жылы дагы эки авария болду. Мен бул тууралуу Айбек Калиевге айткам. Эч нерсе жасашкан жок. Биз аварияларды токтотууга эч кандай, эч нерсе жасабай жатабыз”,-дейт Кравцов.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11833



Добавить комментарий