КСДПнын депутаты Жусубали Исаевдин унаасы КамАЗды сүзүп, өзү каза тапты

18 февраль 2018 19:42 1212 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Баткен областынын Лейлек районунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, КСДП саясий партиясынын мүчөсү Жусубали Исаев каза тапты.   

17-февралдан 18-февралга караган түнү Ош – Исфана жолунун 290-чакырымында, Рават айылына жакын жерде «Range Rover» унаасынын айдоочусу рулду башкара албай калып жол жээгинде турган КамАЗ унаасын барып сүзгөн. Кырсыктан Ж.Исаев жана дагы бир аял жабыркаган. Ал ооруканага бараткан жолдо каза тапкан. Алдын ала маалыматтарга таянсак, кырсыкка коюу туман себепчи болгон.

Исаев Жусубали Калматович 1955-жылы 10-февралда Тажик ССРнин Шураб  шаарында туулган. Фрунзеде политехникалык институнун бүтүргөн. Жол курулуш башкаруу тармагында бир канча жыл эмгектенген.

2010-жылы Кыргызстандын Социал-демократиялык партиясынан Жогорку Кенештин V чакырылышынын депутаты болуп шайланган.

Төрт баланын атасы болгон.

 

 Фото: Sputnik Кыргызстан

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11798



Добавить комментарий