Жазгы талаа жумуштарына даярдык эрте башталды
Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасында 2018-жылдын жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө Өкмөттүн маалыматы угулду. Жыйынга КР Премьер-министри Сапар Исаков, вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев башында турган өкмөт мүчөлөрү, тармактык министрликтердин өкүлдөрү катышты.
КР Премьер-министри Сапар Исаковдун айтымында, быйыл “Жаӊы доорго – 40 кадам” долбооруна ылайык, жазгы талаа жумуштарына даярдык эрте башталып, айыл чарбасынын жүгөрү, арпа, кызылча, буурчак сындуу өнүмдөрүн өстүрүүгө артыкчылык берилип, алардын айдоо аянты көбөйтүлүүдө. Былтыр минералдык жер семирткичтин жетишсиздиги байкалганын белгилеген Премьер-министр Сапар Исаков дыйкандарга колдоо көрсөтүү чаралары иштелип чыкканын айтты. “2017-жылы 15 миӊ дыйкан чарбасына 7 млрд 65 млн сом өлчөмүндө жеӊилдетилген насыя берилген. Быйыл дагы ушундай көлөмдөгү каражат берилет деген ойдобуз. Ошону менен бирге, дыйкандарга үрөн дагы 30 пайызга арзан сатылмакчы”, - дейт өкмөт башы.
Суроо-жооптон кийин талкууга чыккан депутат Иса Өмүркулов тамак-аш коопсуздугун камсыз кылуучу азык-түлүктөрдүн 50% сырттан кирерин айтып, бул тармакка өзгөчө көңүл буруу зарылдыгына токтолду. Ошону менен катар айыл чарбасына тиешелүү илимий институттардын орду канчалык экенин талдап, ага жараша чечим кабыл алууну Өкмөткө жолдоду. Мындан сырткары, айыл чарба өнүмдөрүн кайра иштетүүгө дагы өзгөчө маани берүү керек дейт И.Өмүркулов. Эл өкүлү муну менен жумушсуздук, ички миграция маселелери чечилерин чечмелеп берди. Булардын баарын ишке ашыруу үчүн мамлекеттик банк аркылуу айыл чарба тармагынын приоритеттүү багыттарына комплекстүү, системдүү мамиле жасоо менен натыйжа болоорун баса белгиледи.
Депутаттар талкууланган маселе боюнча кабыл алынуучу Жогорку Кеңештин токтомуна бир катар сунуштарын беришти. Депутат Кенжебек Бокоев уяң жүндүү койлордун санын көбөйтүү маселесин токтомго киргизүүнү сунуш кылды. Депутат Мирлан Бакиров Германиядагы капиталдык ремонттон өткөрүлүп, сатыкка чыгарылып жаткан колдонулган унааларды сатып алуу жагын караштырууну Өкмөткө тапшырды. Мындан сырткары, токтомдо белгиленген тапшырмалардын аткарылышы боюнча кызмат адамдарынын жоопкерчилигин белгилөө, өлкө аймагына контрабандалык жол менен кирүүчү айыл чарба өсүмдүктөрүнө бөгөт коюу сындуу бир катар сунуштар айтылды.
Соңунда эл өкүлдөрү тарабынан айтылган сунуш-пикирлерди камтуу менен жазгы-талаа иштерин жүргүзүүгө карата даярдыктын жүрүшү жөнүндө КР Өкмөт башчысы Сапар Исаковдун маалыматын эске алуу боюнча Жогорку Кеңештин токтому кабыл алынды.
Ссылка: https://barometr.kg/content11746
Добавить комментарий ×