Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгы белгиленди
Бүгүн, 15-февраль күнү Ошто Оогандан Советтик жоокерлердин чыгарылышынын 29 жылдыгына арналган иш-чара болуп өттү.
Ага Ош шаарынын вице-мэри Нурбек Кадыров, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахмаджан Махаммадов, шаардык кеңештин депутаты Расулберди Раимбердиев, Ооган согушунун интернационалист жоокерлери, курман болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрү, аскер бөлүктөрүнүн жоокерлери, шаардык тургундар жана мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.
Алгач, эстеликке гүл чамбарлар коюлуп, Ооган согушунда баатырларча курман болгон жоокерлерди эскеришти.
Иш-чаранын жүрүшүндө жаш муундарды мекенчил болууга тарбиялоодо, коомубуздагы туруктуу жарандык позициясы, жоокердик милдеттерин аткарууда көрсөткөн үлгүлүү жана үзүрлүү ак эмгектери үчүн, Советтик Армиянын чектелген аскер контингентинин Афганистан Демократиялык Республикасынан чыгарылганын 29 жылдыгынын урматына интернационалист жоокерлер Ош шаарынын мэриясынын Ардак грамотасы жана акчалай сыйлыктары менен сыйланышты.
Ошондой эле, жаш жоокерлер Ооган жеринде курман болгон интернационалист жоокерлердин жаркын элестерине аскердик урмат көрсөтүп, салтанаттуу марш менен өтүштү. Жыйынтыгында жоокерлердин арбактарына куран түшүрүлдү.
Айта кетсек, учурда Ош шаарында Ооган согушунун 402 ардагери жашайт.
Ссылка: https://barometr.kg/content11722
Добавить комментарий ×