Теле тармагында иштеген эки журналист “ТҮРКСОЙ” уюмунун медалы менен сыйланат

17 март 2017 15:12 370 Barometr
Бөлүшүү:
ok

ТҮРКСОЙдун жыл сайын түрк тилдүү өлкөлөрдүн басма сөз кызматкерлерине ыйгарылуучу басма сөз боюнча сыйлыгынын жаңы лауреаттары аныкталды. Бул тууралуу ТҮРКСОЙдун Кыргызстандагы өкүлү Кожогелди Кулуев билдирди.

Анын айтымында, алардын ичинде Кыргызстандан эки журналист – КТРКнын директорунун орун басары Кайрат Иманалиев жана “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясынын маданият бөлүмүнүн редактору Айбек Асанбек уулу (Айбек Тукуев) бар. “Сыйлыкты тапшыруу аземи үстүбүздөгү жылдын 21-мартында Түркстан (Казакстан) шаарында өтөт. ТҮРКСОЙ бул шаарды 2017-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданият борбору катары жарыялаган. ТҮРКСОЙдун басма сөз боюнча сыйлыгы 2016-жылдын жыйынтыгы боюнча берилүүдө”, - деп белгиледи К.Кулуев.

Ссылка: https://barometr.kg/content1162



Добавить комментарий