Хазар университети кыргызстандыктары билим алууга чакырат

12 февраль 2018 09:08 826 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Тышкы иштер министирлигинин маалыматы боюнча Азербайжан Республикасынын жеке менчик Хазар университети эл аралык стипендиялык программасына документтерди кабыл алуу иштери башталгандыгы жөнүндө билдирет.

Хазар университети эл аралык окуу программаларын англис тилинде жүргүзгөн Түштүк Кавказда биринчи жеке менчик университет болуп саналат. Бул стипендия программасында ар бир өлкөдөн 2 адамга орун берилет. Хазар университетине документтер  2018-жылдын  15-апрелине  чейин кабыл алынат.

Кененирээк маалымат университеттин төмөнкү сайтында жайгашкан:  http://www.khazar.org/en/menus/495/international_admissions.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11577



Добавить комментарий