Жөргөмүштүн желесинен тигилген алтын көйнөк (фото)

10 февраль 2018 13:37 1071 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Лондондогу Альберт жана Виктория музейинде токуу чеберчилигинин шедеври, туу чокусу болгон жөргөмүштүн желесинен токулган алтын көйнөк бар. Ал Мадагаскарды байырлаган жөргөмүштөрдүн желесинен токулган кечки көйнөк-жабуу.     

 Жөргөмүштөрдүн алтын түстүү желесин 8 жылга жакын топтошкон жана көйнөк даярдоо убактысына 4 жыл коротулган. Бул иштерге жалпы 80 адам жана 1,2 млн. жөргөмүш тартылган.

Жөргөмүш жыл мезгилинин белгилүү бир сезонунда гана алтын желе чыгаргандыктан желе чыгарып бүткөндөр кое берилип жаңы жөргөмүштөрдү алып келип турушкан. Анан калса желе чыгарган жөргөмүштөр абдан агрессивдүү, уулуу болушат.

Бул көйнөктү жасап чыккан авторлор Симон Пирс жана Николас Годли болуп эсептелет. Алардын мындай өнөрдү колго алуусуна эски тарыхый китептерден окуган маалымат түрткү берген.  Ал китептерде 19 кылымда падышалар жөргөмүштүн алтын желесинен көйнөк кийгендиктери тууралуу маалымат жазылган экен. 2004-жылы Симон Пирс жана Николас Годли бул түйшүктүү ишти баштап, акыры көздөгөнүнө жетишти.





Ссылка: https://barometr.kg/content11558



Добавить комментарий