Журналист Нарын Айыптын мүлкү камакка алынды

16 март 2017 17:42 355 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

Сот журналист Нарын Айыптын батирин камакка алуу боюнча аныктама чыгарды.Баш прокурор Индира Жолдубаева "президенттин абройуна шек келтирди" деген негизде "Заноза" сайтынын үстүнөн сотко үчүнчү арызды бергени маалымдалды. 2015-жылы жарыялаган макаласы үчүн журналист Нарын Айыпка 3 миллион, сайтка 3 миллион сомдук доо коюлуп жатканы айтылууда. Маалыматка караганда, 2015-жылдын 22-октябрында Нарын Айып президенттик фонддон берилип жаткан акчалай жардамдар тууралуу жазган макаласында каражаттын чоо-жайы тууралуу сөз кылып, "мыйзамсыз келген акчалар болушу мүмкүнбү?" деген суроо койгон.

 

 

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1155



Добавить комментарий