Ат-Башыда каттуу шамалдан улам өзгөчө кырдаал киргизилди
Буга аталган аймактагы Ак-Сай өрөөнүндө катуу шамалдан улам Торугарт – Көк-Кыя – Кында унаа жолунда кар күрткү пайда болуп, трассанын жабылып калышы негиз болду. Адистердин айтымында, аймакта жааган кардын көлөмү нормадан бир кыйла ашып кеткен. Учурда Ак-Сай өрөөнүнүн малчыларына тоют жеткирүү үчүн жабылып калган жолду ачуу зарылчылыгы турат. Себеби тоют жүктөлгөн жана жүк ташуучу 11 унаадагы 32 адам Торугарт чек ара постундагы үйлөрдө жолдун ачылышын күтүп жатышат. 3 күн мурда жергиликтүү тургундардын кайрылуусунун негизинде жарандык коргонуунун жана жол тейлөө ишканасынын техникалары трассаны тазалоо иштерин жүргүзүп башташкан. Бирок катуу шамал басылбай койгондуктан, жолду ачуу мүмкүн болгон эмес. Аталган аймакка өкмөттүн областтагы ыйгарым укуктуу өкүлү менен Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу комиссиясынын мүчөлөрү жөнөп кетишкени кабарланды
Ссылка: https://barometr.kg/content1154
Добавить комментарий ×