Топ-5: Бишкектеги эң мыкты такси кызматтары

9 февраль 2018 11:41 1297 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте такси кызматтары активдүү өнүгүп жатат. Эгерде мурда 5-6 кызмат иштеген болсо, учурда алардын саны 28. Тилекке каршы, катуу атаандаштык дагы тейлөөнүн сапатын жакшырта алган жок. Көп учурда кир болгону унаалар кечигип келет жана айдоочулар даңылдаган катуу музыкаларды коюп алып жүргүнчүнү алып жөнөшөт. Эң начары айрым айдоочулар жол кыймылынын эрежелерин билишпейт. Ал эми колл-борборлордогу диспетчерлердин сылык-сыпаа эместигин айтпай эле коелу.

Буга байланыштуу Barometr.kg эң мыкты такси кызматтарынын рейтингин түздү. Негизинен шаардын чегинен тышкаркы баа, унаанын келүү ылдамдыгы, алардын ыңгайлуулугу жана айдоочулардын шаарды жана анын чегинен тышкаркы жерлерди билүүсү болду.

Barometr.kgнин версиясы боюнча алдыңкы сапта турган такси кызматтары төмөндөн жогорку карай: «Удача», «Намба такси»,«Жорго»,«Яндекс такси», «SMS-такси» болуп табылды. 

Ссылка: https://barometr.kg/content11529



Добавить комментарий