9-февраль: туман түшөт, аба +6 градуска чейин жылыйт

9 февраль 2018 07:56 565 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарына туман түшөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди. Жолдорго муз тоңуп, тайгалак болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.

Абанын температурасы: Ысык-Көлдө түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3; Нарында түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8 градус суук.Чүй облусунда түнкүсүн -8…-13, күндүз -2…+3; Таласта түнкүсүн -11…-16, күндүз -2…+3; Баткен облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6; Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -4…-9, күндүз +1…+6;

Бишкек шаарында кар жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүүсү мүмкүн. Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет. Түнкүсүн температура -10…-12, күндүз -1…+1 градус жылуу болот.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content11518



Добавить комментарий