Валентина Шевченко жаңы салмактык категория боюнча биринчи орунга чыкты
Бөлүшүү:
Кыргызстандык Валентина Шевченко UFC рейтингинде 57 кг салмак категориясы боюнча биринчи орунга чыкты.
Жаңыртылган рейтинг 7-февралда уюмдун расмий сайтына жарыяланды. Бул жыйынтык 4-февралда Бразилияда өткөн мелдештен кийин жаңыртылды.
Валентина Шевченко жаңы 57 килограммдык салмак категориясы боюнча дебюттук мелдешин Бразилияда өткөрүп жана экинчи раундда бразилиялык Присцилла Качоейраны жеңген.
Бул Шевченконун рейтингде салмактык категоряи боюнча биринчи орунга жылышына мүмкүндүк берди.
Ссылка: https://barometr.kg/content11504
Добавить комментарий ×