Мектеп окуучуларынын арасындагы 95 окуучу жеңишке жетишти

16 март 2017 14:57 586 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте окуучулар арасында өткөрүлгөн шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, эртең 17-мартта саат 11:00до №13 мектеп-гимназиясында окуучулар арасында жалпы билим берүү сабактары боюнча шаардык олимпиаданын жыйынтыктары чыгарылат. Олимпиаданын башкы максаты окуучулардын илимий ишмердүүлүгүн жогорулатуу, интеллектуалдык жөндөмдөрүн өнүктүрүү болуп саналат. Аталган олимпиадасы 2017-жылдын 27-28-февралда И.Раззаков атындагы КТУ жана №13 мектеп-гимназиясында өткөн. Ага калаанын жалпы билим берүү мекемелеринен 327 окуучу катышты. Шаардык олимпиадада калаанын мектептеринен 95 окуучу жеңишке ээ болду. Олимпиаданын жеңүүчүлөрү Республикалык олимпиаданын IV этабына катыша алышат. Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү башкармалыгы №69 мектеп-гимназиясынын базасында чет тилдер боюнча- кытай, корей, немис, француз тилдери боюнча олимпиада өткөрүлүп, ага 114 окуучу катышты.

Ссылка: https://barometr.kg/content1149



Добавить комментарий