Каржы министрлиги ички аудиторунун сертификатын алууга тест тапшыруу системасын сыноо ишин өткөрөт

16 март 2017 12:53 399 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 2017-жылдын 22-мартында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги Кыргыз Республикасынын ички аудиторунун сертификатын алууга тест тапшыруу системасын сыноону пландоодо. Сыноо иретинде өткөрүлүүчү тестирлөөгө ички аудиторлорду сертификациялоо программасы боюнча окуудан өтүшкөн Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун ички аудит кызматтарынын жетекчилери катышмакчы.  Ички аудиторлорду сертификациялоо жана квалификациясын үзгүлтүксүз жогорулатуу системасынын болушу билимдердин теориялык жана практикалык негиздерин камсыздоодогу жана Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын ички аудиторлорунун ишмердүүлүгүнүн сапатын жогорулатуудагы маанилүү элемент болуп саналат.   

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1147



Добавить комментарий