Казакстанда аткаминер 4-кабаттан боюн таштап жиберип көз жумду

7 февраль 2018 11:28 810 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Казакстанда коррупцияга айыпталган аткаминер 4-кабаттан боюн таштап жиберип каза тапты. Бул тууралуу Tengrinews.kz булагы маалымдады.

 "Казводхоз" ишканасынын Алмата шаарындагы филиалынын директору Сеилхан Мухамадиев 17,4 миллион теңге пара алган. Ушул жылдын 2-февралында саат 22.23тө жогоруда аталган суммадан калган 400 миң теңгени алып жатканда ал күч органдары тарабынан кармалган.

“3-февралда саат 8:34тө ал тергөө департаментине алынып келинген. Саат 9:02де Мухамадиев аталган имаратын төртүнчү кабатынан тергөо жүрүп жаткан бөлмөдөн секирип кеткен. Натыйжада катуу жаракат алып  окуя болгон жерден жан берген”,-деп маалымдады басылма.

Ссылка: https://barometr.kg/content11455



Добавить комментарий