Атантай Акбаров, Эл акыны: “Акын Бактыгүл Чотурова буга чейин өзүн жакшы акын катары таанытып, окурмандарыбызга мыкты поэтикалык чыгармаларды тартуулап келсе, бул жолу акындын калеминен мезгил жүгүн аркалай ала турган, бир эле жолу коюлуп токтоп калбаст

16 март 2017 10:42 732 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 

“ТУМАР ХАНЫШАНЫН” АЛТЫН КАЗЫНАГА САЛЫМЫ

Кечээ 14-мартта Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык драма театрында акын Бактыгүл Чотурованын тарыхый темага кайрылып, байыркы сактардын падышасы – кадимки даңазалуу Томирис (Тумар) тууралуу жазган "Тумар ханыша" аттуу пьесасынын жүзачары болуп өттү.

Акын Бактыгүл Чотурова буга чейин өзүн жакшы акын катары таанытып, окурмандарыбызга мыкты поэтикалык чыгармаларды тартуулап келсе, бул жолу акындын калеминен мезгил жүгүн аркалай ала турган, бир эле жолу коюлуп токтоп калбастан, келечекке карай сапар улай турган драма жаралды. Башкача айтканда бул чыгарма кыргыздын мыкты деп саналган драмаларынын катарын толуктап калды деп тартынбай эле айтууга болот. Ошентип, “Тумар ханыша” кыргыз драматургиясынын алтын казынасына үлүш кошкон, автордун эпикалык жанрда чыгарма жаратууда дагы таланттуу экенин тастыктаган жакшы саамалык болуп калды. Спектакль аяктаган соң жүз ачарды көрүү үчүн театрга келген көрүүчүлөрдүн көзүнөн кубанычтын учкуну чагылып тургандыгы да буга күбө.

Драма элпек жорго тил менен жазылып, каармандардын мүнөзүн ачуу үчүн пайдаланылган конфликттер табигый берилген. Чыгарманын башталышы, чиелениши, кульминациялык чеги жана чечилиши баары тең жыйнактуу, тыкан берилип, автордун кан менен бүткөн кыргыз дүйнө таанымына жедеп каныккандыгын, турмуштан терең сабак алгандыгын көрүнүп турат. Чыгармада мекенчилдик (патриотизм) темасы жакшы ачылган. Ошону менен катар эле, адам коомундагы баатырдык жана даанышмандык, ачкөздүк, өзүмчүлдүк жана чыккынчылык, сүйүү жана жек көрүү сапаттарын чагылдыруу, кээде бийлик секисинде адамдардын көзү тумандай түшкөндө акыйкатты көрбөй калары жана жан дүйнөнүн жалгыздыгы жагдайларына токтолуп өтүү менен катар калемгер адам жан дүйнөсүнүн тереңдигин ачып берүүгө умтулган.

Спектальди койгон режиссер – Марат КОЗУКЕЕВ, театрдын директору Темирлан СМАНБЕКОВ, реж.ассистенти Д.ЖАНЖИГИТОВ, реж.жардамчысы Э.Жумалиева, сүрөтчүсү Бакыт ТИЛЕКМАТОВ, Музыкалаштырган Кенжегазы АСАНБАЕВ, гримдөөчү Г.СУРАНЧИЕВА, үн берүүчү Азамат ОСМОНКУЛОВ, труппа башчысы Нарынбү ЧЕКИРОВА, адабий бөлүм башчысы Алтынай ТЕМИРОВА. Томиристин карыган чагын аткарган Тынара АБДРАЗАЕВА, жаш курагын аткарган Айсалкын КЫЙЫКБАЕВА, Рустам баатырдын ролун аткарган Э.ОСМОНОВ, Кир падышанын образын ачкан А.ӨМҮРБЕКОВ, айтоор жалпы эле театрдын жамааты баары тең бул чыгарманы сахнага алып чыгуунун үстүндө жигердүүү аракеттенгендиги көрүнүп турат.

Анда “Тумар ханышага” келечекке карай ак жол! Драматург катары сапарың да байсалдуу боло берсин, Бактыгүл акын!

Ссылка: https://barometr.kg/content1143



Добавить комментарий