Ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат

15 март 2017 17:14 607 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкөдө үрөнчүлүк чарбаларга Өкмөт тарабынан үрөнчүлүккө көмөк көрсөтүү жана дотация берүү боюнча, Кыргыз Республикасында үрөнчүлүктү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө токтомго кол койду. Аталган токтомдун негизги максаты республика боюнча үрөнчүлүк чарбаларды колдоо, айылдык товар өндүрүүчүлөрдү жогорку сапаттуу сертификацияланган үрөн жана көчөт материалдары менен камсыз кылуу. Үрөнчүлүк чарбаларга мамлекеттик дотация берүүдөгү жобого ылайык, Каржы министрлиги 2018-2022-жылдарга республикалык бюджетти түзүүдө мамлекеттик дотация төлөө системасын киргизүүнү караган ченемдик укуктук акт бекитилгенден кийин республиканын үрөнчүлүк чарбаларына мамлекеттик дотация төлөөгө каражат караштырат

Ссылка: https://barometr.kg/content1141



Добавить комментарий