Алмазбек Атамбаев, Кыргыз Республикасынын президенти: «Кыргыз элим дегендер “баткенский” Исхак Раззаков, “баткенский” Апсамат Масалиев, “баткенский” Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат!»

15 март 2017 15:25 484 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Өлкө башчы Алмазбек Атамбаев бүгүн, 15-мартта айрым мамлекеттердин элчилеринин ишеним грамотасын тапшыруу аземинде азыркы учурдагы саясий кырдаалга токтолуп, сөз эркиндигин коргойбуз деген массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн аракеттерине карата өз пикирин билдирди. «Радио “Свободага” иштесек да, Мекенди ойлоп, кыргыздын намысын коргоп, Шайлообек Дүйшеевдей иштесек! Акча үчүн Ата-Журтту сатпасак. Бабакулов, Карабеков, Маслова, Идиновдордун ою башка! Карабеков өзү бир жолу телевизордон айтты эле: “Я что, — баткенский, что-ли?” – деп. Булар “баткенский” да эмес, “киргизский” да эмес. Булардын чөнтөгүнөн экинчи паспорт же “вид на жительство” чыкса да таӊ калбайм. Кыргыз элим дегендер “баткенский” Исхак Раззаков, “баткенский” Апсамат Масалиев, “баткенский” Эгемберди Эрматов менен сыймыктанат!»-деген мамлекет башчы  ошондой эле, Кыргызстандагы демократияга күйөөрүн айткан айрым орусиялык журналисттердин аттарын атап, аларды анча эле демократияга күйсөңөр, аны өзүңөрдүн мекениңерден баштагыла, — деди өлкө башчысы

 

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1137



Добавить комментарий