Мирлан Самыйкожо, акын: “Кечээки айтышта көрдүк, Ашыраалы менен Токтогул өлбөптүр”
-Мирлан мырза, кечээки Ашыраалы Айталиевди атабыздын 90-жылдыгына арналган айтышта жаш акындардын айтышы көңүлүңүзгө толдубу?
-Аябай толду, чындап ырахат алган укмуштуудай айтыш болду деп айта алам. Финалдык айтышка тандалып алынган акын жигиттердин дүбүртү Кудай буйруса өтө алыска кетет. Көңүлгө, жүрөккө жаккан айтыш болду. Баарынан дагы 13 жаштагы Насыпбек менен Элмирбек аттуу жигиттердин айтышы кимди гана болсо өзүнө тарта турган болду. Булардын айтышын Ашыраалы Токтогул, Жеңижок аталарыбыздыкындай кылып жаздырып, алтын фондго сакташ керек. Кечээки айтышта бир гана нерсеге көзүм жетти, Ашыраалы, Токтогул өлбөптүр, чынын айтайын буйруса бул жигиттер учурдун Ашыраалы Токтогулу деп тартынбай айта алам.
Ссылка: https://barometr.kg/content1132
Добавить комментарий ×