Азамат Арапбаев, ЖКнын депутаты: « Сөз эркиндигине жамынып алып айрым массалык маалымат каражаттары Алмазбек Атамбаев жөнүндө жазып жатышат»
Бөлүшүү:
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында “СДПК” фракциясынын депутаты Азамат Арапбаев сөз алып сүйлөп президенттин аброюуна шек келип жатканын айтты. “Сөз эркиндиги, демократия деп жамынып алып, айрым массалык маалымат каражаттары Алмазбек Атамбаев жөнүндө жазып жатышат. Президенттин ар намысына шек келтирип жатышат. Массалык маалымат каражаттарынын өзүнүн мыйзамдары бар. Мына ушунун баарын текшерип, керек болсо жазага тартыш керек. Президентти эл шайлаган, анын аброюна шек келтиргенге эч кимдин акысы жок”-деди ал.
Ссылка: https://barometr.kg/content1129
Добавить комментарий ×