Көчөдө тартип бузгандар бир айдын ичинде 1 миң 669 адамга жеткен, алар көчө шыпырат же акчалай жазасын алат

14 март 2017 17:50 371 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Акыркы эки ай ичинде коомдук жайларда жана көчөдө  сөгүнүп, заара ушатып,  мас болуп  коомдук тартипти бузуу  же бирөөнүн мүлкүнө зыян келтирүү  боюнча 1 миң 669 адам жоопко тартылды. Былтыр 14-декабрда  парламент  административдик  жоопкерчилик тууралуу   кодекске өзгөртүүлөрдү  колдогон. Ага ылайык, коомдук жайларда майда бейбаштык кылгандарга  айып пул өлчөмүн  1000  сомдон 3000 сомго чейин көбөйтүү каралган. Тартип  бузгандарды  8 саат  коомдук иштерге  тартуу  аракети  күчүндө.  Эң  катаал чара катары  5 суткага камоо  эсептелет.  Укук бузуулар  бир жыл  ичинде  дагы кайталанса  административдик айыптын өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн 20 көрсөткүчкө чейин өсөт.  Жаңы кирген өзгөртүүлөргө  ылайык өспүрүмдөрдү  коомдогу  терс көрүнүштөргө  араштыргандар  50 эсептик көрсөткүчтөн 100 көрсөткүчкө чейин айып төлөйт  же  8 саат коомдук жумуш жазасына кириптер болот.

 

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1128



Добавить комментарий