Америкада 5348 учак бороондон улам уча албай, рейстер токтоп калды
Бөлүшүү:
АКШнын Чыгыш тарабындагы күчтүү кар бороондон улам беш миңден ашык авиарейстер токтотулду. Бул тууралуу FlightAware авиация порталы маалымдады. «Убактылуу токтотулган авиарейстердин саны 5348»-деп жазылат сайтта. Күчтүү кар бороону январь жана февраль айындагы жылуу аба-ырайынан улам болду. Учурда синоптиктер АКШнын түндүк-чыгышында акыркы эки күн катуу суук күтүлүп жатканын эскертишкен. Нью-Йорк бийлиги болсо жарандардан шейшемби күнү унааларды азыраак колдонууга чакырган. Электр компаниялары болсо өзгөчө кырдаалга карата даярдыктарды көрүп жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/content1126
Добавить комментарий ×