КРнын экономика министри Арзыбек Кожошев иш сапары менен Катарга барды
Кыргыз Республикасынын Экономика министри Арзыбек Кожошев учурда иш сапары менен жүрөт. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык баракчасы аркылуу кайрылып “2017-жылдын 13-14-мартында Доха шаарында Кыргыз-Катар соода, экономикалык кызматташтык боюнча Өкмөттөр аралык комиссиясынын 1-жыйыны болуп өттү. Иш сапар алкагында экономика жана соода министри Шейх Ахмад бин Джассим бин Мохаммед Аль Тани, маданият жана спорт министри Салах бин Ганемо бин Насеро Аль Али, энергетика жана өнөр-жай министри доктор Мохаммед Салех Аль-Саде менен расмий жолугушу болуп өттү. Жолугушуда эки өлкөнүн ортосунда соода экономикалык мамилелерди өнүктүүрү, инвестиция тартуу жана башка маселелер боюнча сүйлөштүк”-деп жазды.
Ссылка: https://barometr.kg/content1125
Добавить комментарий ×