Батумидеги митинг күч менен таратылды

14 март 2017 15:13 337 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Грузиянын атайын багыттагы күчтөрү Батуминин полиция имаратынын алдындагы митингди таратты. Жекшембидеги каршылык акциясы башаламандыкка айланып кетти. Расмийлер бир нече киши жабыр тартканын билдирди. Митингди таратуу учурунда полиция 40 чамалуу кишини камакка алды. Ѳлкөнүн Ички иштер министри Георгий Мгебришвили алар коомдук тартипти бузган деп камакка алынганын, бирок кылмыш иши козголуп, айрымдары жоопко тартылышы мүмкүндүгүн айтты. Аджар автономиялык республикасынын Саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо министри Заала Микеладзенин айтымында, 33 киши ооруканага түшкөн, алардын 15 полиция кызматкерлери. Батумидеги каршылык акциясы ишемби күнү кечинде, кайгуул полициясы айдоочуга айыппул салган окуядан дүрт алды. Айдоочу полиция менен жаңжалдашып кеткенде аны кармашкан. Бирок ал жерде жергиликтүү эл топтолуп кетип, соңку учурда полиция жөнү жок эле чоң суммада айыппул салып жатканына нааразылык билдирип, айдоочуну боштууну талап кылган. Жыйынтыгында полиция алты кишини кармаган.

 

Ссылка: https://barometr.kg/content1124



Добавить комментарий